Мамлекеттик тил күнү белгиленди

Бүгүн, 21-сентябрь күнү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 34 жылдыгы белгиленди.
Майрамдык иш чара таланттуу студенттер тарабынан даярдалган мамлекеттик тилди даңазалаган сахналык көрүнүш менен башталып, көркөм окуу, акыйнек, макал айтышуу, обондуу ырлар менен коштолду.
Кечеге КӨЭАУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Сыргак Сарыков, КӨЭАУнун бириккен бирлик комитетинин төрагасы Шералы Эгембердиев, тарых-филология факультетинин деканы Назира Тилекова, юридика-бажы факультетинин деканы Алмагүл Көкөева, кыргыз филологиясы кафедрасынын башчысы Бактыгүл Исмаилова катышты.
Алар сөз кезегинде мамлекеттүүлүктүн эң башкы белгилеринин бири тил, маданият, тарых болуп эсептелерин айтышып, кыргыз тилинин өнүгүшүнө ар бирибиз өз салымыбызды кошушубуз керек экенине токтолушту.
Иш чаранын жүрүшүндө мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө өзүнүн салымын кошкон окутуучуларга, студенттерге окуу жайдын ардак грамотасы тапшырылды. Майрамдык кече тарых-филология факультетинин кыргыз филологиясы кафедрасы тарабынан уюштурулду.