“Тил болбосо аты аталбайт кыргыздын”

Кечээ, 21-февраль күнү ар бир өлкөнүн маданият каада, салтын ак таңдай эне тили менен созолонтуп мукам ырга салып кылымдан кылымга сактап келишкен улуу элибиздин мейман достугун даңазалоо менен бирге этностор аралык биримдикти чыңдоо максатында Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Ала -Бука кесиптик колледжинде Эл аралык тил күнүнө карата “Тил болбосо аты аталбайт кыргыздын” деген аталышта маданий иш чара болуп өттү.
Өткөрүлгөн иш чараны колледждин директору Кожобекова Гүлкайыр Муратовна ачып, баардык өлкөлөрдүн оозанган өз эне тили, нарктуулугу менен баалуу кенч жана улуттун тиреги экендигин белгилеп өттү.
Саамалык ар бир улуттун каада-салттуу саламдашуусу менен башталып ,ыр, бий, сахналаштырылган көрүнүштөр менен коштолду. Мындан тышкары сүрөт жана дилбаян конкурсу уюштурулуп жеңүүчүлөргө дипломдор тапшырылды.
Жыйынтыгында улуттук тамак-аштардын жайыл дастарконуна баа берилип, туура тамактануу боюнча ой -пикирлер айтылып, жалпы “ГПД” бирикмесинин окутуучулары студенттер жана ата-энелер жамааты катышып, уюштуруучу Абдижалил кызы Айзиректин чыгармачылыгына жана студенттердин активдүүлүгүнө ыраазычылыктар айтылды.