“Студенттик полиграфиянын” ачылыш аземи болду

“Студенттик полиграфиянын” ачылыш аземи болду
Бүгүн, 22-ноябрь күнү “Студенттик стартап” программасынын алкагында Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин инженердик-технологиялык факультетинде “Студенттик полиграфиясынын” ачылыш аземи болду.
Студенттик полиграфиянын ачылышына Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев баштаган жетекчилер катышты. Окуу жайдын ректору студенттер үчүн жагымдуу шарттар жаралып жатканын айтып, полиграфиянын алдыда аткара турган иштерине ийгиликтерди каалады.
Бул жерде студенттер сабактан тышкары иштеп, зарыл болгон жөндөмдөрдү кошумча үйрөнүп, студенттер үчүн арзан жана сапаттуу полиграфиялык кызматтарды көрсөткөнгө мүмкүнчүлүктөр жаралган.
Эскерте кетсек 2022-жылдын 2-сентябрында Кыргызстандын 20дан ашуун жогорку окуу жайында стартаптарды колдоо максатында өлкөнүн ЖОЖдорунда бизнес-инкубаторлордун ишине старт берилген. Ага ылайык Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин алдында ачылган “Студенттик бизнес-инкубатор” борбору студенттер үчүн ар кандай колдоолорду көрсөтүп, кеңештерин берип, жаңыча ой жүгүрткөн жаштар менен татыктуу иш алып барып жатат.