Бишкекте өткөн “Борбордук Азия университеттеринин трансформациясы глобалдык чакырыктардын контекстинде” деген темада Борбор Азиядагы жогорку окуу жайлардын ректорлорунун үчүнчү форуму жыйынтыкталды.
Форумга Кыргызстандан тышкары Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын мамлекеттик кызматкерлери, ректорлору, илимпоздору, окутуучулары жана эксперттер катышып, билим берүү жана илимий изилдөөлөр боюнча талкуу жүргүзүштү.
Форумдун жүрүшүндө бир нече ЖОЖдор өз ара кызматташуу тууралуу келишимдерге жана жол карталарга кол коюлду.
Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева форумда билим берүүдө чек аралар жок болуп, адамзаттын жыргалчылыгы үчүн бирге Борбордук Азия мамлекеттеринин жогорку окуу жайларын биригүүгө чакырды.
«Биздин өлкө ачык, либералдуу мамлекет. Бизде академиялык мобилдүүлүк абдан өнүгүп жатат. Азыркы өзгөрүлгөн заманды эске алуу менен тез чечим кабыл алуу максатында Кыргыз Республикасынын Президенти жогорку окуу жайларына автономиялык эркиндик берип жатат. Башында беш гана жогорку окуу жайына берилип, мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Билим берүү жана илим министрлиги алардын ишине кийлигишпөөгө шарт түзүүдө. Анткени, толук команда стратегиялык пландар менен иштеп жатышат. Биздин кийлигишүү минималдуу болгондой эле, каржылоо дагы минималдуу. Катаал рынок шартында алар абалдан чыгып, алтургай киреше дагы таап жатышат. ЖОЖдор рынокко 4:0 менен чыгып, бир гана билим жагынан эмес, баардык шарттарда атаандыштыкка туруштук берип жатышат. Билим берүүдө чек ара болбош керек », — деди министр.
Форумдун соңунда Борбор Азиядагы университеттердин өкүлдөрү билим, илим жана бизнести интеграциялоонун актуалдуу маселелери, университеттердин дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине интеграциясы, коопсуздук, экономикалык изилдөөлөрдүн приоритеттүү багыттарын өнүктүрүү, билим берүүнү санариптештирүү, заманбап мугалимдин маалыматтык-технологиялык компетенттүүлүгү, дистанттык, электрондук, гибриддик окутууну ишке ашыруу, окуу процессинде жасалма интеллект тууралуу баяндама жасап, тажрыйбалары менен бөлүштү.
Форумдун жүрүшүндө Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнө Билим берүү жана илим министрлигинин 100 жылдыгына арналып чыгарылган күмүш төш белги белекке берилди.
Толук маалымат – https://edu.gov.kg/posts/3674/