Улуттук дем менен спортко кадам: КӨЭАУда студенттик мелдештер старт алды

Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик жарлыгынын алкагында Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде факультеттер менен колледждердин студенттери арасында спорттук мелдештер салтанаттуу түрдө старт алды.
Бул ири иш-чаранын алкагында футбол, волейбол, стол үстүндөгү теннис, баскетбол, тогуз коргоол жана ордо оюндары боюнча таймаштар өтүүдө.
Иш-чараны университеттин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков ачып, студенттер үчүн түзүлүп жаткан шарттарга токтолуп, өлкөбүздүн жана университеттин намысын коргоп жаткан жаштарга ыраазычылык билдирди.
“Бүгүнкү мелдештердин башкы максаты студенттердин спортко болгон кызыгуусун арттыруу аркылуу алардын ден соолугун чыңдоого, сергек жашоо образын жайылтууга жана улуттук спорт оюндарын жайылтууга салым кошуу болуп саналат”,- деди ректор А.Мамасыдыков.
Бир жумага улануучу бул мелдештин жыйынтыгында ар бир спорт түрү боюнча мыкты оюнчулар аныкталып, жетекчилик тарабынан дипломдор, грамоталар жана кызыктыруучу байгелер менен сыйланышат.
Ден соолук жана биримдиктин символу болгон спорттук мелдештерде бардык катышуучуларга ийгиликтерди каалайбыз.
 Коммуникация жана медиа департаменти
Возможно, это изображение один или несколько человек и люди играют в баскетбол
Возможно, это изображение один или несколько человек и текст
Возможно, это изображение один или несколько человек и люди занимаются боевыми искусствами
Возможно, это изображение один или несколько человек, люди играют в баскетбол и текст
Возможно, это изображение один или несколько человек и текст
Возможно, это изображение один или несколько человек и люди учатся
Возможно, это изображение волейбол, американский футбол, баскетбол и текст
Возможно, это изображение один или несколько человек, люди учатся, шахматы, детская игрушка и стол
Возможно, это изображение детская игрушка и текст
Возможно, это изображение один или несколько человек, люди учатся, детская игрушка, шахматы и текст "N"