Фамилиясы:                  Исманов

Аты:                               Медербек                                                                    

Атасынын аты:             Марипжанович

Туулган жылы:              1970-ж. 30-июнь

Улуту:                            Кыргыз

Билими:                         жогорку-техникалык

Жашаган жери:            Ош ш., Ташкент к., 6-2.

Тилдерди билүүсү:       кыргыз, орус, өзбек – 

                                        эркин, англисче –

                                        котормо менен.

Үй-бүлө абалы:             үйлөнгөн, 3-балалуу.

Эл. дареги:                    ismanov1970@mail.ru.

Байланыш телеф.:        03222 4-20-64 (кызм.),

                                       0772 40-28-74 (моб.).

Кошумча маалымат:

техника илимдеринин доктору,  Кыргыз  Республикасынын  Инженердик  академиясынын  академиги, КӨЭАУнун профессору жана эмгек сиңирген ишмери

 1987-ж. орто мектепти ийгиликтүү бүтүрүп,  Фрунзе политехникалык институтунун (ФПИ) механика-машина куруу факультетине  тапшырган.

1993-жылы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин (мурдагы ФПИ) ийгиликтүү аяктагандан кийин, эмгек жолун М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинде инженер, айкалыштыруу жолу менен окутуучулук кызматтан баштаган.

 1995-жылы Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин (КӨЭАУ) «Колдонмо механика» кафедрасына окутуучулук кызматка которулган,  ал эми 1998-жылы конкурстук шайлоолордун негизинде ага окутуучулук кызматка өткөн.

1997 – 2000-жж. «Тоо-кен машиналары» адистиги боюнча КӨЭАУнун аспиранты болгон.

2002-ж. Бишкек шаарында, Улуттук илимдер академиясынын (УИА) Машина таануу институтунда «Карьердик таш тилүүчү машинанын чоңдуктарын негиздөө жана аны жаратуу» аталышындагы кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон.

2002-2003-жж. КӨЭАУнун окуу-маалыматтык борборунда мүдүрдүн орун басары, ал эми 2003-ж. февралынан сентябрына чейин ректордун жардамчысы кызматтарында эмгектенген.

 2003-2004-жж. КӨЭАУнун Илим жана жаңы технологиялар бөлүмүнүн башчысы болгон.

2004-2005-жж. КӨЭАУнун Инженердик технология факультетинин окуу иштери боюнча декандын орун басары кызматын аркалаган.

2005-2008-жж. КӨЭАУнун «Колдонмо механика» кафедрасынын башчысы.

2008-2011-жж. КӨЭАУнун Индустриалдык колледжинде мүдүрдүн окуу иштери боюнча орун басары кызматын аткарган.

2011-жылдын 2-сентябрынан баштап Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин илим боюнча проректору кызматында натыйжалуу эмгектенип келүүдө.

2018-жылы Бишкек шаарында УИАнын Машина таануу институтунда “Таш кесүүчү машиналардын жумушчу органдарын жаратуунун илимий-колдонмо негиздери” аталышындагы докторлук диссертациясын ийгиликтүү коргогон.

М.М. Исмановдун 100-жакын илимий-методикалык эмгектери жарык көргөн, алардын ичинен: 2 монография, РИНЦ, Scopus жана Web of Science системаларында индекстелген журналдарда 80-ашуун илимий макалалар, таш кесүүчү машиналар тармагында КРнын ойлоп табууга алынган 6 патенти, техникалык сабактардан 8 окуу-методикалык колдонмолору бар.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасынын жана төш белгисинин, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин «Билим берүүнүн мыктысы» жана “Илимдин мыктысы” төш белгилеринин,  Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын “С. Абдраимов” алтын медалынын ээси.