Экономика илимдеринин доктору, профессор Мамасыдыков Абдилбает Асанович 1971-жылдын 11-октябрында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Чалма айылында жарык дүйнөгө келген. 1988-1989-жылдар аралыгында Ош облустук бухгалтердик мектебинен “Айыл чарба ишканалардын бухгалтердик эсеби” адистигинде окуп, аны артыкчылык диплом менен аяктаган.
1989-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин эсеп-экономикалык факультетинин “Бухгалтердик эсеп жана анализ” адистигин 1994-жылы артыкчылык диплому менен аяктаган.
1997-2000-жылдар аралыгында Москва мамлекеттик университети жана Воронеж мамлекеттик университети менен биргеликте ачылган Жалал-Абад коммерциялык институтунун аспирантурасынын “Бухгалтердик эсеп жана статистика” адистигинде окуган.
2014-17-жылдар аралыгында Эл аралык университетинин “юриспруденция” адистигинин “бизнес жана укук” багыты боюнча окуп, артыкчылык дипломго ээ болгон.
2003-жылы Воронеж мамлекеттик университетинде экономика илимдери боюнча кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон. 2004-жылы Экономика жана ишкердик университетинин Окумуштуулар кеңешинин чечими менен доцент, 2008-жылы ошол эле университеттин Окумуштуулар кеңешинин чечими аркылуу профессор окумуштуулук наамы ыйгарылган. 2015-жылы КР Жогорку аттетациялык комиссиясынын чечими менен эки багыт боюнча экономика илимдеринин доктору даражасы ыйгарылган.
Эмгек жолун 1994-жылы Жалал-Абад коммерциялык иниститутунда кассир болуп иштөө менен баштап, ошол эле жылы материалдык бухгалтер, башкы бухгалтердин орун басары кызматтарын аркалаган. 1994-2003-жылдар аралыгында айкалыштыруу менен жеке ишканаларда жана эл аралык мекемелерде башкы бухгалтер болуп эмгектенип, ошол эле учурда Жалал-абад коммерциялык институтунда окутуучу, улук окутуучу катары иштеген.
1994-жылдан баштап ЖАКИде окутуучу, ага окутуучу, кафедра башчысынын милдетин аткаруучу болуп эмгектенген. 1999-2004-жылдар аралыгында ЖАКИнин Кыргыз-Түрк факультетинин деканы, 2004-2016-жылдары ошол эле окуу жайда окуу иштери, илимий иштер боюнча проректору, биринчи проректор кызматтарын аркалаган.
2016-жылдан 2018-жылдын декабрына чейин чейин Эл аралык университеттин ректору катары эмгектенген.
2021-жылдан 2023-жылдын октябрь айына чейин Борбор Азия эл аралык медициналык университетинин Президентинин кеңешчиси кызматында иштеген.
Өлкөбүздүн ар тараптуу өнүгүшүнө билим берүү жана илим изилдөө ишмердиги аркылуу кошкон зор салымы үчүн профессор А.А. Мамасыдыковго бир нече мамлекеттик, эл аралык жана коомдук уюмдардын сыйлыктары ыйгарылган. 105тен ашуун илимий эмгектерди, 11 монографияны, КР Билим берүү жана илим министрлигинин грифи менен чыгарылган 2 окуу куралы, 5 окуу колдонмосун жарыялаган. 30 дан ашуун эмгектери Россия, Казахстан, Азербайджан, Түркия, Япония, Индия жана Европа мамлекеттеринде жарык көргөн.
Билим берүүнүн мыктысы.
Англия, Шотландия, Португалия, Испания, Түштүк Корея, Латвия, Азербайджан, Казахстан, Россия, Түркиядагы ири окуу жайларда билимин өркүндөткөн. Жалал-Абад шаардык кеңешинин 3 жолку чакырылышынын (2012-2021) депутаты, фракция жана коалиция лидери катары шаардын өнүгүшүнө зор салымын кошкон.
16 аспирант жана докторанттардын илимий жетекчиси, анын ичинен төртөө диссертацияларын ийгиликтүү коргошкон.
Арстанбап айыл өкмөтүнүн, Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын Ардактуу атуулу.