Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунда Барпы Алыкуловдун 140 жылдыгына арналган конференция өттү

Бүгүн, 18-апрель күнү Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунда Кыргыз элинин даңазалуу ак тандай акыны Барпы Алыкуловдун 140 жылдыгына карата эл аралык конференция болуп өттү.
Аталган конференцияга Кыргызстандын ТҮРКСОЙдогу расмий өкүлү Канат Мамбеталиев, КР илимине эмгек сиңирген ишмер, т.и.д., профессор, түрк дүйнөсүнө таанымал илимпоз Сулайман Кайыпов, КӨЭАУнун ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков баштаган университеттин окумуштуулары катышып келди. Мында ак таңдай акындын чыгармачылыгы тууралуу кыргызстандын жана өзбекстандын илимпоздору тарабынан баяндамалар жасалды.
Иш чаранын жүрүшүндө аңыз кепке айланган апыздын махабат ырлары Андижан педагогикалык институтунун студенттери тарабынан көркөм окулуп, обондуу ырлары аткарылды. Конференция жогорку деңгээлде уюштурулуп, соңунда катышуучулар уюштуруучуларга ыраазычылык билдиришти.
Ак таңдай акын Барпы Алыкуловдун 140 жылдыгына арналган эл аралык конференция эртең, 19-апрель күнү Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде улантылат. Конференция ТҮРКСОЙ, Андижан мамлекеттик педагогикалык институту, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин эл аралык байланыш жана стратегиялык өнүгүү ишмердүүлүгү тарабынан уюштурулууда.