Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 100 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция өттү

Ош мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 100 жылдыгына арналган “Кыргыз Республикасынын Ош облусунун финансы-экономикалык системасынын өнүгүү тенденциялары жана факторлору” темасында илимий-практикалык конференция өттү.
Иш-чарага Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Арстанкулов Талантбек Курбаналиевич, Ош шаарынын мэринин орун басары Юсупов Замир Байышович, Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары Калдыбаев Эрнист Кыдыкбаевич, Кыргыз-Өзбек Эл арылык университетинин ректору, профессор Мамасыдыков Абдилбает Асанович, финансы тармагындагы илимпоздор катышты.
Конференциянын алкагында , каржы-экономикалык тармагынын абалы, өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары тууралуу баяндамалар жасалып, учурдагы көйгөйлөр, өсүү мүмкүнчүлүктөрү талкууга алынды.