“Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин периси – 2024” аныкталды

17- апрель күнү “Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин периси – 2024” сынагы болуп өттү. Аталган сынакты университеттин студенттик жаштар комитети уюштуруп, ага окуу жайдын факультет, колледждеринен жалпы 8 кыз катышып, жеңүүчүлөр аныкталды.
Иш чаранын негизги максаты студенттердин маданий эс алуусун уюштуруу менен бирге, алардын ынтымагын, достугун арттыруу болуп саналат. Сынакка университеттин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков, бириккен профсоюз уюмунун төрагасы Шералы Эгембердиев, Ош шаардык жаштар комитетинин төрагасы Жаныш Жусупбеков күбө болуп, жеңүүчүлөрдү куттуктап, сыйлыктарды тапшырышты.
Калыстар тобунун чечими менен баш байгени медициналык колледждин, 1-орунду табигый-педагогикалык жана маалыматтык технологиялар факультетинин жана юридика-бажы факультетинен чыккан студент кыздар багындырды. Ал эми 2-орунду тарых-филология факультетинин, 3-орунду кесиптик колледжинен чыккан кыздар камсыздашты. Бардык катышуучуларга окуу жайдын жана бириккен профсоюз уюмунун атайын белектери тапшырылды.