Кыргызстандын ТҮРКСОЙдогу расмий өкүлү,

Залкар манасчы Уркаш Мамбеталиевдин уулу Канат Мамбеталиев Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде болду.
Алгач, студенттер менен жолугушуу уюштурулуп, К.Мамбеталиев Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин “Манас таануу” борборуна атасы Уркаш Мамбеталиевдин китептерин белеке тапшырып, анын өмүр жолуна токтолуп, кантип манас айтып калганы боюнча студенттерге кенен баяндап берди.
Андан соң, Канат Уркашовичди университеттин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков кабыл алып, 19-апрель күнү өтө турган кыргыз элинин даңазалуу ак таңдай акыны Барпы Алыкуловдун 140 жылдыгына карата уюштурулуп жаткан эл аралык тегерек столдун программасын талкуулашты.
и ещё 8
Все реакции:

Сыргак Сарыков, Суйор Таштемиров и ещё 37

3 комментария
Поделились: 4
Нравится

Комментировать
Поделиться