«Өнүгүү өз колуңда» аталышында жолугушуу уюштурулду

16-апрелде ардагер журналист, жеке ишкер Мыктыбек Арстанбек, «Билерман ордо» интеллектуалдык телеоюнунун негиздөөчүсү, окуу жайыбыздын сыймыктуу бүтүрүүчүсү Талантбек Канатбек уулу Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде болуп, студенттер менен жолугушуу уюштурлду.
Мында, коноктор студенттердин китеп окууга болгон кызыгуусун арттырууга, студенттердин сүйлөө чеберчилигин өнүктүрүү, сүрдүү жеңүү боюнча, жаштардын интеллектуалдык-логикалык деңгээлин өнүктүрүүгө жана ишкерлик боюнча пайдалуу кеңештери менен бөлүшүп, жаштардын ар тараптуу өнүгүүсүнө багыт беришти.
Пландаштырылган жолугушуу кызыктуу өтүп, катышуучулар өздөрү үчүн керектүү болгон маалыматтарды ала алышты. Жолугушуу суроо-жооптор менен коштолду.
Конокторго КӨЭАУнун «Интеллектуалдар» борборунун жетекчиси Сагын Маманов ыраазычылык билдирип, Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетин ыраазычылык катын тапшырды.