“Бабур – достуктун жарчысы” Расмий коноктор ректордун кабыл алуусунда болушту

Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата, кыргыз эли менен өзбек калкынын ар тараптуу карым-катышынын жемиштүү уланышын камсыздап, канатташ жашаган эки элдин маданиятын, каада-салтын, улуттук баалуулуктарын өнүктүрүү максатында, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде уюштурулуп жаткан “Бабур – достуктун жарчысы” аталышындагы кечеге Өзбекстан Республикасынын Ош шаарындагы башкы консулу Ахмедов Зафарбек Шавкатович, “Ватандошлар” коомдук фондунун башкармалыгынын төрагасы саттаров Одилжан Бердимуратович баштаган сый коноктор келишти.
Коңшулаш өлкөдөн келген расмий конокторду иш чара башталганга чейин Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, э.и.д., профессор Абдилбает Мамасыдыков кабыл алды. Ректор жолугушуу учурунда улуттар аралык байланышты чыңдап, этностор аралык достук мамилени натыйжалуу улантуу багытында “Достук” ордендүү университет тарабынан жигердүү иштер аткарылып жатканы тууралуу кенен маалымат берди. Жолугушуудан кийин коноктор окуу жайдын материалдык-техникалык базасы менен таанышып чыгышты.