“Бабур – достуктун жарчысы” аталышындагы адабий-музыкалык кече өттү

Бүгүн, Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин жыйындар залында Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата “Бабур – достуктун жарчысы” аталышындагы адабий-музыкалык кече уюштурулду. Иш чарага Өзбекстан Республикасынын Ош шаарындагы башкы консулу баштаган сыйлуу коноктор, Кыргызстанда жашаган өзбек калкынын башын бириктирген “Ватандошлор” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү жана окуу жайдын эмгек жамааты жана студенттери катышты. Кечени университеттин ректору, профессор Абдилбает Асанович Мамасыдыков ачты.
Куттуктоо сөзүнө чыккан сый коноктор кыргыз-өзбек элинин достугу кылымдарды карыткан бай тарыхка ээ экендигин айтышты. Канатташ жашаган бул эки элдин бир туугандык сезимин жандантып, биримдиктин туусун желбиретип, баардык этностордун маданиятын, улуттук баалулуктарын бирдей өстүрүүгө шарт түзгөн Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетине ыраазычылыктарын билдиришти.
Кеченин жүрүшүндө эки элдин ортосундагы достукту даңазалаган чыгармалар аткарылды. Мекенди көздүн карегиндей сактап, калк арасындагы биримдикти өнүктүрүү багытындагы патриоттук көркөм окуулар болуп, обондуу ырлар жаңырды. Кеченин соңунда коноктор университетке арнаган белектерин окуу жайдын жетекчилигине беришти. Ага жооп кылып, конокторго университет тарабынан улуттук коллориттеги белектер тапшырылды.
Иш чара Кыргыз Республикасынын Өзбек улуттук маданий борборунун төрагасынын орун басары Атажанов Адылжан Юлдашевичтин демилгеси менен уюшулду.