Коноктор китеп басып чыгаруу борборунда болушту

Адабий-чыгармачылык кечеден кийин Өзбекстан Республикасынын Оштогу башкы консулу Зафарбек Ахмедов башында турган сыйлуу коноктор Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин алдындагы китеп басып чыгаруу борборунун иши менен таанышып чыгышты.
КРУИАнын академиги, т,и.д., профессор М.Мамасаидов жетектеген бул борбор Өзбекстан Республикасы латын алфавитине өткөндөн кийин Кыргызстандагы өзбек тилдүү мектептерди окуу куралдары менен камсыз кылып келет.
Борбор тарабынан ушул күнгө чейин 2 миллиондон ашык нускадагы окуу куралдары даярдалып өзбек тилдүү мектептерге жеткирилген. Эскерте кетсек, бүгүнкү күндө түштүк аймагында 157 аралаш жана таза өзбек тилдүү мектеп билим берүү ишмердигин алып барат.