Улуттук баалуулуктарды чагылдырган көргөзмө

Бүгүн, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин базасында 21-февраль – Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө арналып өткөрүлгөн иш чаранын алкагында, Ош шаарындагы жогорку окуу жайлары тарабынан дүйнө жүзүндө жашаган улуттардын маданиятын, элдик өзгөчөлүгүн, социалдык-турмушун, улуттук баалуулуктагы артыкчылыктарды чагылдырган көргөзмө уюштурулду.
Майрамдык иш чарага келген коноктор көргөзмөгө коюлган буюм-тайымдардын, улуттук кийим-кечелердин өзгөчөлүгү аркылуу, Кыргыз Республикасынын 100 жылдык өнүгүү тарыхынан, алыскы жана жакынкы чет өлкөлөр менен болгон ар тараптуу карым-катышынан, билим берүү жана илим изилдөө ишмердигиндеги жетишкендиктер, жаңы табылгалар боюнча маалымат алышты.