Биргелешкен семинар-тренинг уюштурулду

2024-жылдын 6-8-апрель күндөрү КӨЭАУнун квалификацияны
жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо борборунун башчысы
Т.Э.Исаковдун демилгеси менен С.Нааматов атындагы НМУ жана Шолом-
Алейхем атындагы Приамур мамлекеттик университеттери менен биргеликте
төмөнкү программа боюнча семинар-тренинг болуп өттү.
• Окутуучулар үчүн нейросеттер;
• Scopus журналдарга макалаларды жазуунун ыкмалары;
• Wef of Science базасында макалалар чыгаруунун үлгүлөрү.
Семинар-тренинг 6-7-апрель күндөрү онлайн, ал эми 8-апрель күнү офлайн
түрүндө өткөрүлдү. Семинардын катышуучуларына Приамур мамлекеттик
университетинин «Маалыматтык технологиялар жана укуктук информатика
кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент Баженов Руслан Ивановичтин
окутуучулар үчүн жасалма интеллект, нейросеттер тууралуу видеотасма
аркылуу берилген маалыматтары кызыгууну жаратты.
Ал эми С.Нааматов атындагы НМУнун ПККЖжККБнун башчысы, п.и.к.,
профессор Биймурсаева Бурулбүбү Молдосалиевна “Scopus журналдарга
макалаларды жазуунун ыкмалары” деген темада тренинг өтүп, катышуучулар
менен жеринен иштеп, алардын абройлуу индекстүү журналдарга макала
жазуу көндүмдөрүн калыптандырууга салым кошту.
Семинардын аягында угуучуларга 36 сааттык атайын сертификаттар
ыйгарылды. Ошондой эле тренер Б.М.Биймурсаевага КӨЭАУнун ректорунун
атынан “Ыраазычылык баракчасы” тапшырылып, анын НГУ менен биздин
университеттин кызматташтыгына кошуп жаткан салымы баса белгиленди