Студенттерге Майлуу-Суу лампа заводуна экскурсия уюштурулду

Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин табигый-педагогикалык жана маалыматтык технологиялар факультетинин 2-курсунун физика профили менен 4-курсунун химия профилинин студенттери Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы лампа заводуна экскурсияга барып келишти.
Майлуу-Суу шаарындагы лампа заводунун кадрлар бөлүмүнүн башчысы Барбиев Маткарим Караевич, КӨЭАУдан барган делегацияны жылуу тосуп алып, физикалык, химиялык жабдуулардын өндүрүш процессинде колдонулушу менен кенен тааныштырып берди.
Студенттер теориялык алган билимдерин практика жүзүндө бышыктап келишти. Аталган экскурсия ректордун буйругу менен студенттердин билимдерин тереңдетип, өркүндөтүү максатында уюштурулду.