Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин тарых-филология факультетинде байланыштуу кеп жана тексттин теориясы дисциплинасынын алкагында тажрыйбалуу тренер, педагог жана журналист Нуркамил Абдуллаев “Текст түзүүдө окуучулар эмнеден кыйналууда?” деген аталышта жандуу практикалык семинар өтүп берди.
Семинарда студенттер текст жазуудагы негизги кыйынчылыктар жана натыйжалуу ыкмалар менен таанышып, сүрдү жеңүү, оратордук чеберчилик боюнча практикалык кеңештерди угушту.
Ошондой эле жандуу талкуу уюштурулуп, өзгөчө активдүүлүк көрсөткөн жана кызыктуу суроолорду берген студенттерге Нуркамил Абдуллаев баалуу китептерден белек кылды.
Иш-чаранын соңунда университеттин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыковдун атынан конок лекторго ыраазычылык кат жана китеп белекке тапшырылды.
Бул семинар студенттер үчүн пайдалуу тажрыйба болуп, алардын жазуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө чоң салым кошту.
Коммуникация жана медиа департаменти



