КӨЭАУда Жеңиш күнүнө карата маанилүү илимий лекция өтүлдү

КӨЭАУда Жеңиш күнүнө карата маанилүү илимий лекция өтүлдү
Жеңиш күнүн утурлай Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин STEM колдонмо кесиптер колледжинде илимий-агартуу багытындагы мазмундуу конок лекция уюштурулду.
Иш-чарага Ош мамлекеттик университетинин профессору, тарых илимдеринин доктору Байболот Абытов чакырылып, студенттерге бир нече маанилүү темада лекция окуду. Атап айтканда, “УАМС мезгилиндеги жоготуулардын бурмалануусу: 7 млн.дан 42 млн.га чейин жана башка тактоону талап кылган маселелер” жана “Улуу Ата Мекендик согуш: даталар жана фактылар” аттуу темалар кеңири талкууланды.
Окумуштуу өз баяндамасында Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхый этаптарына, такталбай келген айрым маселелерине токтолуп, илимий негизде терең анализ жүргүздү. Ошондой эле кыргыз элинин фронттогу жана тылдагы салымы, Улуу Жеңиштин тарыхый жана коомдук мааниси өзгөчө баса белгиленди.
Лекция студенттердин жогорку кызыгуусу менен өтүп, мазмундуу суроо-жооптор аркылуу активдүү академиялык диалог түзүлдү. Бул өз кезегинде иш-чаранын интерактивдүүлүгүн жана илимий баалуулугун арттырды.
Жыйынтыгында, окуу жайдын жетекчилиги тарабынан профессор Байболот Абытовго терең ыраазычылык билдирилип, анын мындан аркы илимий ишмердүүлүгүнө ийгиликтер кааланды.
Коммуникация жана медиа департаменти
Нет описания фото.
Нет описания фото.
Нет описания фото.