Ура! КӨЭАУ балбандары “Универсиада–2026” мелдешинде алдыңкы үчтүккө кирди!

“Универсиада-2026” мелдешинин алкагында өткөн эркин күрөш боюнча жогорку лигада Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин балбандары жогорку жыйынтык көрсөтүп, жалпы командалык эсепте 3-орунду багындырды.
Университеттин Дене тарбия жана спорт кафедрасынын башчысы, КРнын Дене тарбия жана спортунун мыкты кызматкери Курсанбек Каимов белгилегендей, мелдешке катышкан студенттердин дээрлик баары байгелүү орундарды ээлеп, университеттин намысын татыктуу коргоп чыгышты.
Жеңүүчүлөр:
57 кг — Мамажанов Азизилло (ФизК 1-23) —  2-орун
74 кг — Исматтуллаев Абдулазиз (ФизК 5-24) —  3-орун
74 кг — Молдобай уулу Якуб (ФизК 1-23) —  3-орун
79 кг — Калыбаев Темирлан (ФизК 1-25) —  3-орун
79 кг — Таджибаев Хабибилло (ФизК 1-25) —  3-орун
86 кг — Рузиев Абдуллох (ФизК 2-25) —  3-орун
92 кг — Мухмуд уулу Алинур (ФизК 1-22) —  2-орун
125 кг — Замирбек уулу Тынчтык (ФизК 1-23) —  2-орун
 Балбандарды мелдешке Дене тарбия жана спорт кафедрасынын окутуучусу, эл аралык даражадагы калыс Камалов Ильяз машыктырды.
Спортчулардын бул ийгиликтери — университетте спортко өзгөчө көңүл бурулуп, жаштардын ар тараптуу өнүгүүсүнө шарт түзүлүп жаткандыгын далилдеп турат.
Коммуникация жана медиа департаменти
Возможно, это изображение текст
Возможно, это изображение текст
Возможно, это изображение текст