Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде техникалык коопсуздук, эмгекти коргоо жана жарандык коргонуу бөлүмүнүн башчысы Мейражидин Эгембердиевдин уюштуруучулугу менен милдеттүү камсыздандыруу маселелерине арналган түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү.
Иш-чарага Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Ош филиалынын өкүлдөрү — чекене сатуу секторунун башчысы Курманбек Абдигапаров жана корпоративдик сатуу секторунун адиси Саламат Султанова катышып, камсыздандыруу системасынын өлкөбүздөгү өнүгүү багыттары, анын жарандар үчүн мааниси жана артыкчылыктары тууралуу кеңири маалымат беришти.
Мындан сырткары, коноктор университеттин эмгек жамаатына жана жаш адистерге камсыздандыруу тармагында иш алып баруунун актуалдуулугу, бул багытта өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошуунун мааниси тууралуу да өз ойлорун бөлүштү.
Жолугушуунун алкагында Мамлекеттик камсыздандыруу уюму тарабынан учурда жана келечекте ишке ашырылуучу долбоорлор, пландар боюнча талкуулар жүрүп, катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты.
Бул сыяктуу иш-чаралар камсыздандыруу маданиятын калыптандырууга, жаш адистерди кесиптик багыттоого жана коомдогу социалдык корголууну бекемдөөгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат.
Коммуникация жана медиа департаменти



