Кыргыз Республикасынын ИИМдин РОБдун Ош шаарындагы филиалы тарабынан «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында уюштурулган «Билерман Ордо» интеллектуалдык мелдешинде Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин студенттери ийгиликтүү жыйынтык көрсөтүштү.
Таймашка Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын командалары катышып, билим, логика жана тапкычтык боюнча күч сынашты. Аталган интеллектуалдык оюнду «Билерман Ордо» долбоорунун негиздөөчүсү, тажрыйбалуу алып баруучу Талант Канатбек уулу жогорку деңгээлде алып барды.
Жыйынтыгында КӨЭАУнун юридика-экономикалык факультети жана тарых – филология факультетинин студенттеринен түзүлгөн команда алдыңкы II орунду ээлеп, университеттин намысын татыктуу коргоду.
Команданын курамы: Абдыкадыров Медер, Эсенбаев Шерзат, Сүйүнбек уулу Самаган, Абдырахманов Абдыкалык жана Полотов Темир.
Таймаштын жүрүшүндө студенттер жогорку деңгээлдеги логикалык ой жүгүртүүсүн, эрудициясын жана ыкчам чечим кабыл алуу жөндөмдөрүн көрсөтө алышты.
Бул иш-чара жогорку окуу жайлар ортосундагы кызматташтыкты бекемдеп, жаштардын интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө, билимге болгон кызыгуусун арттырууга жана мекенчилдик баалуулуктарды даңазалоого өбөлгө түздү.
КӨЭАУнун студенттерин куттуктайбыз жана мындан аркы ийгиликтерди каалайбыз!
Коммуникация жана медиа департаменти


