Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде педагогикалык билим берүү боюнча кесиптик кайра даярдоо курсунун угуучуларына күбөлүктөр тапшырылды

Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде педагогикалык билим берүү программасы боюнча кесиптик кайра даярдоо курсун ийгиликтүү аяктагандарга малекеттик үлгүдөгү күбөлүктөр тапшырылды.
Күбөлүктөрдү тапшыруу аземине университеттин ректору, ф-м.и.к., доцент А.З. Зулпукаров, окуу иштери боюнча проректор, ф.и.д., профессор А. Т. Балтабаева, “Квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо” борборунун директору М.К. Чамашев жана курстун угуучулары катышты.
Алгач, А.З. Зулпукаров кайра даярдоо курсун ийгиликтүү бүтүргөндөргө куттуктоо сөзүн айтып, бул курстун маанилүүлүгүнө токтолуп, педагогикалык билими жок, бирок билим берүү жаатында иштеген адистер үчүн замандын талабы экендигин баса белгилеп, билим берүү ишмердүүлүктөрүндө ийгиликтерди жарата беришине тилектеш экенин билдирди.
Коммуникация жана медиа бөлүмү
Возможно, это изображение текст
Возможно, это изображение текст
Возможно, это изображение текст
Возможно, это изображение один или несколько человек и текст
Возможно, это изображение один или несколько человек и текст