Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин тарых-филология факультетинин 2017-жылдагы бүтүрүүчүсү Таванова Ширингүл Нуркамыловна республикалык “Жылдын мыкты тарбиячысы” кароо-сынагында 3-орунду багындырды.
Ширингүл Таванова өзүнүн кесипкөйлүгү жана талыкпаган эмгегинин аркасында республикалык деңгээлдеги чоң сынакка катышып, жогорку көрсөткүчкө жетишти.
Буга чейин, КӨЭАУнун дагы бир сыймыктуу бүтүрүүчүсү Айжан Гафарова «Жылдын мыкты мугалими – 2026» республикалык кароо-сынагында «Мыкты чет тили мугалими» номинациясын жеңип алганын сыймыктануу менен белгилейбиз.
Бул тарыхый ийгиликтер жана жогорку жетишкендиктер университетибиздин билим берүү сапатынын деңгээлин көрсөткөн чоң жеңиш жана жалпы жамаат үчүн өзгөчө сыймык болуп саналат.
Мугалимдик улуу кесипти аркалап, өлкө деңгээлинде билим берүүнүн туусун бийик көтөргөн бүтүрүүчүлөрүбүздү чын жүрөктөн куттуктайбыз!

