Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын кесиптик башталгыч, орто жана жогорку билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарында билим алуучулардын стипендияларынын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө” Жарлыкка кол койду.
Жарлыкка ылайык, 2027-жылдын 1-сентябрынан тартып мамлекеттик кесиптик башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында билим алган студенттерге жана жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүү программаларын өздөштүрүп жаткан жарандарга төлөнүүчү стипендиялардын өлчөмдөрү жогорулатылат.
Жарлыктын негизги максаты — билим алуучуларды социалдык жактан колдоону күчөтүү, алардын окуусуна материалдык дем берүү жана билим алууга болгон кызыгуусун арттыруу.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине тиешелүү чараларды көрүү, ошондой эле стипендияларды жогорулатууга керектүү каражаттарды 2027-жылга республикалык бюджеттин долбооруна жана 2028–2029-жылдарга каралган пландуу мезгилге киргизүү тапшырылды.
2005-жылдын 19-январындагы №20 «Стипендияларды жогорулатуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы күчүн жоготту деп таанылды.
Жаңы жарлык расмий жарыялангандан кийин 7 күн өткөн соң күчүнө кирет.

