Улуу муунга урмат жана камкордук көрсөтүлдү

1-октябрь — Улгайган адамдардын эл аралык күнүнө карата Ош шаардык мэриясынын токтомуна ылайык, «Улгайган адамдарга көңүл буруу жана камкордук» аталышындагы бир айлыктын алкагында Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети тарабынан улгайган жарандарга социалдык колдоо көрсөтүлдү.
Анын алкагында университеттин мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Назира Тилекова Ош шаарында жашаган улгайган жарандардын үйлөрүнө барып, алардын абалынан кабар алды.
Университеттин атынан материалдык жардам көрсөтүлүп, улуу муунга камкордук көрүү жана көңүл буруу адамдык баалуулуктардын маанилүү бөлүгү экени белгиленди.
Бул демилге улуу муунга урмат көрсөтүүгө, алардын жашоо шартын жакшыртууга жана коомдогу ынтымакты бекемдөөгө багытталган.
Коммуникация жана медиа бөлүмү
Возможно, это изображение один или несколько человек
Возможно, это изображение один или несколько человек
Возможно, это изображение один или несколько человек
Возможно, это изображение один или несколько человек