Кесиптик-базалык практикаларын жыйынтыктоо конференциясы

Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин табигый-педагогикалык жана маалыматтык технологиялар факультетинде 3-курстардын физика-математикалык жана табигый илимий билим берүү багыттарынын кесиптик-базалык практикаларын жыйынтыктоо конференциясы болуп өттү.
Конференцияны факультеттин информатика жана окутуунун усулу кафедрасынын ага окутуучусу Арыстанбек кызы Бегимай жаңы динамикалуу форматта уюштурду.
Конференцияга КӨЭАУнун практикалар, жумушка жайгаштыруу жана карьераны өнүктүрүү борборунун башчысы Бердигулов Аматбек Турдубаевич, КӨЭАУнун педагогикалык практикалар бөлүмүнүн башчысы Ботоноев Ажимамет Борсонович келип катышышты. Алар өз сөздөрүндө практика аябай жакшы инновациялык усулдар менен уюштурулганын, конференцияны ушундай деңгээлде өтүүнү университетке жайылтуу керек экенин айтышты.
Факультеттин деканы Жээнтаева Жумагүл Кеңешовна конференциянын катышуучуларына ийгиликтерди каалоо менен бирге, келечектеги жаш муундарга мектепте татыктуу билим берүү үчүн, биз университеттин окутуучулары педогогикалык багыттагы студенттерди келечектин мыкты новатор педагогу катары тарбиялоо негизги милдетибиз деп баса белгиледи.