Шыктандырган эркин маек

Бүгүн, 26-март күнү Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, э.и.д., профессор Мамасыдыков Абдилбает Асанович тарых-филология факультетинин студенттери менен жолукту. Жолугуушуда ректор студенттердин кызыктырган суроолоруна жооп берип эркин баарлашуу жүрдү.
Абдилбает Асанович студенттердин суроолоруна жооп берип жатып, алардын сунуш-пикирлери университеттин өнүгүүсү үчүн абдан маанилүү экенин баса белгилеп, алардын татыктуу билим алуусу үчүн болгон мүмкүнчүлүктөр жаралып жатканына токтолду. Соңунда студенттердин окууларына ийгиликтерди каалап, мыкты суроолорду даярдап келген студенттерге атайын ала келген белектерин тапшырды.
Студенттер, ректорго берилген суроолордун бири дагы жоопсуз калбаганына ыраазычылык билдиришип, мындай жолугуушуларды бат-баттан уюштуруп турууну суранышты. Иш чара таланттуу студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.
Жолугушуунун негизги максаты жетекчи менен ар бир студент байланышып, пикир алышууга мүмкүнчүлүк түзүү болуп саналат.