“Мыкты окутуучу-студент” аттуу интеллектуалдык таймаш өттү

Бүгүн, 27-март күнү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде факультет, колледждердин окутуучуларынын жана студенттеринин арасында “Мыкты окутуучу-студент” аттуу интеллектуалдык таймаш болуп өттү.
Аталган таймашка, Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде эмгектенген 35 жашка чейинки окутуучулар жана күндүзгү бөлүмдө окуган студенттерден куралган командалар катышты. Интеллектуалдык таймаш Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин 30 жылдыгына карата мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча ишмердүүлүгүнүн «Интеллектуалдар» борбору тарабынан уюштурулду.
Окутуучулар менен студенттер арасында өз ара изденүүгө түрткү берүү максатында өткөрүлгөн иш чарага университеттин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков катышып, интеллектуалдык таймаштын жүргүзүп жаткан иштерине токтолуп, жаш окутуучуларды жана студенттерди көбүрөөк изденүүгө үндөдү.
Таймаш үч этаптан туруп, командаларга логикалык ой жүгүртүүнү өрчүтүүчү, белгилуу инсандар тууралу жана “Мыкты оюнчу” үчүн тандалган суроолор берилди. Жыйынтыгында мыкты оюнчулар тандалып, жеңүүчү командалар аныкталып, кубок жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
1-орун инженердик-технологиялык факультети
2-орун каржы-экономика факультети
3-орун табигый-педагогикалык жана маалыматтык технологиялар факультети