КӨЭАУнун кыздар командасы стол теннис боюнча 1-орунду камсыздашты

Ош шаарында өтүп жаткан Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын чемпионатында стол теннис боюнча мелдеште Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин кыздар курама командасы 1-орунду багындырды. Машыктыруучусу, КӨЭАУнун окутуучусу Абдулазиз Назаров.
Спорттун олимпиадалык оюн түрлөрү жана спорттук-массалык иш чараларды өткөрүү боюнча “Жаштык” дирекциясы тарабынан өткөрүлүп жаткан чемпионат жалпысынан спорттун 16 түрү боюнча уюштурулуп, анын ичинен 5 түрү Ош шаарында өтүп жатат. Мелдеш 26-марттан 1-апрелге чейин уланат.