11 студент академиялык мобилдүүлүк боюнча Өзбекстанга барат

Низами атындагы Ташкент мамлекеттик педагогикалык университети менен түзүлгөн эки тараптуу келишимге ылайык, академиялык мобилдүүлүк боюнча аталган окуу жайга 11 студент бир айга жөнөтүлөт.
Бүгүн мобилдүүлүк боюнча окууга бара жаткан студенттерге чет өлкөдөгү окуу процесстери, өзүн-өзү алып жүрүү, жол эрежелери ж.б. коопсуздуктардан этият болуу боюнча түшүндүрүү жүргүзүлдү. Мобилдүүлүктүн негизги максаты -илим жана билим талаасында тажрыйба, программа алмашуу, эл аралык достукту, мамилени чыңдоо.