Кесиптик колледжде Бүткүл дүйнөлүк эне тил майрамы белгиленди

Эл аралык эне тил күнүнө карата 20 -февраль күнү КӨЭАУнун кесиптик колледжинин чет тили бирикмесинин окутуучулары жана студенттери тарабынан “Эне тили болбосо, аты аталбайт улуттун” деген аталыштагы иш-чара болуп өттү.
Иш чараны колледждин директору Чолпон Абдуллаева ачып, ар бир элдин улуулугун даңазалап, аны түбөлүккө сактап, муундан муунга өткөрүп келе жаткан бул-тили экенин айтып, катышуучуларды Бүткүл дүйнөлүк эне тил майрамы менен куттуктады.
Майрамдык кечеде студенттер түрдүү улуттардын тамак-аштарын, салттарын, улуттук бийлерин көрсөтүштү. Андан сырткары студенттер арасында мини викторина да болуп өттү. Активдүү катышкан тайпалар ар түрдүү кызыктыруучу сыйлыктар, дипломдор менен сыйланышты.