Кыргыз республикасынын улуттар ассамблеясынын түштүк бөлүмүнүн кординатору Нурумбетов Балтагул Аттокурович менен жолугушту.

Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору э.и.д., профессор Мамасыдыков Абдилбает Асанович тарых илимдеринин доктору, профессор, III-даражадагы Манас орденин ээси, КРдин эмгек сиңирген мугалими, азыркы учурда Кыргыз республикасынын улуттар ассамблеясынын түштүк бөлүмүнүн кординатору Нурумбетов Балтагул Аттокурович менен жолугушту.
Жолугушууда жаңыдан ишин баштаган ректордун алдыдагы аткара турган иштерине ийгилик каалап, оомат тилеп, тарыхка кайрылып, келечектеги пландар боюнча ой бөлүштү. А.А. Мамасыдыков өз сөзүндө Б.А. Нурумбетовго Кыргызстандын өнүгүүсүнө, айрыкча билим, илим жаатына кошкон салымы, жаш муундарды тарбиялоодогу эмгегин баса белгилеп, мындан ары университет менен улуттар ассамблеясынын дайыма тыгыз байланышта болуп тураарын айтып өттү.
Возможно, это изображение 3 человека и текст