Ош шаарында волейбол жана стол тенниси боюнча мелдештер жыйынтыкталды

20-21-февраль күндөрү Ош шаарынын дене тарбия жана спорт комитети тарабынан 23-февраль – Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата шаардык мекеме-ишканалардын кызматкерлери арасында волейбол жана стол тенниси боюнча мелдештер өткөрүлдү.
Аталган спорттук иш чараларда Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетин волейбол боюнча студенттер командасы 3-орунду камсыз кылышты.
Ал эми стол тенниси боюнча мелдеште студенттер арасында КӨЭАУнун 2-курсунун студенти Дилмухаммед Жолболдуев 1-орунду багындырды.