КӨАЭУнун Enactus командасы Enactus Day иш-чарасына катышты

2026-жылдын 14-октябрында Ош шаарында студенттик Enactus командалары, жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү жана Enactus коомчулугунун бүтүрүүчүлөрү бириктирген Enactus Day иш-чарасын өткөрүштү.
Аталган иш-чарага КӨАЭУнун Enactus командасы университеттин атынан чыгып, куттуктоо сөзүн сүйлөп, командалардын парадына катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө команда мүчөлөрү биримдикти, командалык духту жана Enactus кыймылынын баалуулуктарына берилгендигин көрсөтүштү.
Enactus Day иш-чарасына Ош мамлекеттик университетинин жана Таш-Көмүр мамлекеттик университетинин Enactus командалары да катышып, мурдагы команда капитандары өздөрүнүн ийгиликтери, жетишкендиктери, тажрыйбалары жана Enactus коомчулугундагы басып өткөн жолу менен бөлүшүп, студенттерге дем-күч беришти.
Мындай иш-чаралар студенттер үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Алар тажрыйба жана идеялар менен алмашууга, ишкердик ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө, жогорку окуу жайлардын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө жана жаңы демилгелерди ишке ашырууга шарттарды жаратат. Ошондой эле студенттерди коомдогу актуалдуу социалдык жана экономикалык маселелерди чечүүгө багытталган долбоорлорду иштеп чыгууга шыктандырат.
КӨАЭУнун Enactus командасы Enactus Day иш-чарасынын уюштуруучуларына чакыруу үчүн, иш-чараны жогорку деңгээлде уюштургандыгы жана жылуу кабыл алгандыгы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет.
Возможно, это изображение текст
Нет описания фото.