2026-жылдын 14-октябрында Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, ф-м.и.к., доцент Алтынбек Зулпукаров гуманитардык-педагогикалык факультетинин дене тарбия адистигинин 4-курсунун студенти, волейбол боюнча спорттун чебери Ильяз Абдымомун уулун (волейбол чөйрөсүндө Азирет деген ысым менен белгилүү) кабыл алды.
Жолугушууда Ильяз Абдымомун уулу спорттогу акыркы жетишкен ийгиликтери менен бөлүшүп, үстүбүздөгү жылдын 9-11-октябрь күндөрү Ош шаарында волейбол боюнча өткөн өлкө чемпионатында “Бек.Жалалабат” клубунун курамында мыкты оюн көрсөтүп, биринчи орунду камсыздаганын билдирди. Ошондой эле ал өз жеңишин Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетине арнаганын айтып, багындырган алтын медалын ректорго тапшырды. Муну менен катар, жаш спортчу волейбол боюнча “Спорттун чебери” наамын тастыктаган күбөлүгүн колуна алганын кошумчалады.
Өз кезегинде ректор Алтынбек Зулпукаров Ильяздын спорттогу жетишкендиктерин жана окуу жайдын атын эл аралык деңгээлде таанытып жатканын баса белгилеп, окуу жайда спорттун кандай түрү болбосун, ийгилик жараткан студенттерди ар тараптан колдоого дайыма даяр экенин билдирди. Ректор жалпы жамааттын атынан Ильязды “Спорттун чебери” наамы жана кезектеги жеңиши менен куттуктап, кыргыз элинин салты менен башына ак калпак кийгизип, сый-урмат көрсөттү.




