2025-жылдагы улуттук рейтингдин жыйынтыгы боюнча Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети кесиптик рейтингдин көрсөткүчтөрү боюнча ТОП-10 университеттин катарына кирди. Жетишкендикти тастыктаган сертификатты «Билим берүү чөйрөсүндөгү сапаттын кепилдиги — EdNet» агенттигинин президенти Уманкулова Оңолкан Алматаевна университеттин ректору, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Зулпукаров Алтынбек Зулпукаровичке тапшырды.
Жолугушуунун жүрүшүндө EdNet агенттигинин президенти улуттук рейтингдин жыйынтыктары менен тааныштырып, анын жогорку окуу жайлардын ишмердүүлүгүн баалоодогу, билим берүүнүн сапатын жакшыртуудагы жана университеттердин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттыруудагы маанисин белгиледи. Ошондой эле рейтингге Кыргызстандын бардык жогорку окуу жайлары катыша аларын маалымдады.
Мындан тышкары, улуттук рейтингдин алкагында координаторлордун ишмердүүлүгүн баалоонун жыйынтыктары чыгарылганын билдирди. Аталган жыйынтык боюнча Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин билим берүүнүн сапатын башкаруу жана тышкы баалоо департаментинин директору Тентимишова Акмарал Камчыбековна ТОП-10 координатордун катарына кирди. Анын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын тастыктаган сертификат тапшырылды.
EdNet агенттигинин президенти университеттин жамаатын жетишкендиктери менен куттуктап, окуу жайдын ишмердүүлүгүндөгү ийгиликтерди белгиледи. Ошондой эле мындан ары өнүктүрүүнү талап кылган багыттарга токтолуп, университеттин келечектеги иштерине ийгиликтерди каалады.
Жолугушуунун алкагында тараптар келечектеги кызматташтыктын багыттарын да талкуулашты. Атап айтканда, EdNet агенттиги тарабынан ЮНЕСКО менен биргеликте ишке ашырылышы пландалып жаткан долбоорго университеттин катышуу мүмкүнчүлүктөрү каралды. Мындан тышкары, билим берүүнүн сапатын жакшыртуу, эл аралык долбоорлорго катышуу жана өз ара кызматташтыкты кеңейтүү боюнча пикир алмашуу болду.
Белгилей кетсек, EdNet агенттиги — Кыргызстандагы билим берүү уюмдарынын жана билим берүү программаларынын сапатын баалоо, аккредитациялоо жана билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу багытында иш алып барган уюм. Агенттик жогорку окуу жайлардын ишмердүүлүгүн баалоого жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган демилгелерди ишке ашырууга катышат.
Коммуникация жана медиа бөлүмү






