10–11-апрель күндөрү Фергана мамлекеттик университетинде өткөн “Борбордук Азия: аймактык кызматташуунун жана өнүгүүнүн келечеги” деген аталыштагы эл аралык илимий-практикалык конференцияга Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин STEM колдонмо кесиптер колледжинин окутуучулары активдүү катышышты.
Атап айтканда, окутуучулар Ашим кызы Өмүркан, Турдубаева Гульвира жана Бактыяр кызы Нуржамал конференцияда илимий баяндамаларын сунуштап, Борбордук Азия чөлкөмүндө билим берүү жана илимий кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери боюнча маанилүү пикир алмашууларга катышышты.
Иш сапардын жүрүшүндө катышуучулар эл аралык илимий коомчулук менен тажрыйба алмашып, жаңы багыттагы кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Иш-чаранын жыйынтыгында окутуучуларга активдүү катышкандыгы үчүн атайын сертификаттар тапшырылып, алардын илимий ишмердүүлүгү жогору бааланды.
Мындай эл аралык иш сапарлар университеттер ортосундагы байланыштарды бекемдеп, билим берүү жана илим тармагында жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга өбөлгө түзөт.
Коммуникация жана медиа департаменти



