Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети эл аралык билим берүү кызматташтыгын чыңдоо максатында АКШ элчилигинин кеңешчиси Джефф Бантингди, Фулбрайт эл аралык программасынын координатору Наталья Джуманалиеваны жана программанын өкүлү Джейк Адамсты расмий кабыл алды.
Маанилүү жолугушууну университеттин эл аралык байланыш жана инвестиция бөлүмүнүн башчысы Шарапат Нармирзаева координациялады.
Жолугушуунун жүрүшүндө 2026-жылга карата Фулбрайт адистер программасы алкагындагы кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү кеңири талкууланды. Талкууга КӨЭАУнун окуу иштери боюнча проректор, философия илимдеринин доктору, профессор Аида Балтабаева, эл аралык байланыштар департаментинин директору Чыңгыз Мамажакып уулу жана педагогика-психология кафедрасынын башчысы Уларкан Акматова катышты.
Джефф Бантинг андан ары Фулбрайт программасы сунуштаган мүмкүнчүлүктөр тууралуу кеңири презентация жасап, окутуучулар жана студенттер үчүн пайдалуу маалыматтарды бөлүштү.
Ошондой эле, иш-чаранын уландысы катары Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын англис тили мугалимдери үчүн атайын окутуу тренинги уюштурулуп, аны тажрыйбалуу адис Джейк Адамс алып барды. Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар заманбап окутуу методикалары, инновациялык ыкмалар жана жаңы билим берүү ресурстары менен таанышып, практикалык тажрыйбаларын кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк алышты.
Ардактуу конокторду университеттин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков да кабыл алып, эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Маалыматка караганда, Фулбрайт программасынын алкагында үстүбүздөгү жылдын 17-июлунан баштап Мэдисон Брумбо тарабынан Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде инклюзивдик билим берүү боюнча бир айлык окуу уюштурулат.
Жолугушуунун соңунда ректор А.Мамасыдыков келген конокторго университеттин бүтүрүүчүлөрү тарабынан даярдалган эстелик белектерди тапшырды.
КӨЭАУ эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү аркылуу билим берүүнүн сапатын жаңы деңгээлге көтөрүүнү улантууда.
Коммуникация жана медиа департаменти




