КӨЭАУ тууралуу кеңири материал “Жетиген” журналында жарык көрдү

Республикалык көп тармактуу “Жетиген” журналында Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин тарыхы, бүгүнкү жетишкендиктери жана келечек багыттары тууралуу көлөмдүү, мазмундуу жана сүрөттөр менен коштолгон материал жарык көрдү.
Журналдын башкы редакторунун Түштүк аймагы боюнча орун басары Рысбек Жумашов университеттин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулашты. Жолугушууда билим берүү жана маалыматтык өнөктөштүктү мындан ары да өнүктүрүү багыттары каралды.
Маалым болгондой, 2026-жылы “Жетиген” журналынын 15 жылдык мааракесине карата КӨЭАУнун ЧАЗында республикалык деңгээлдеги салтанаттуу иш-чара өткөрүү пландалууда.
Ректор өз сөзүндө басма сөз каражаттарынын коомдогу ордун белгилеп, “Интернет жана технология өнүккөн заманда да узак жылдан бери кыргыз элине кызмат кылып келе жаткан редакциянын ишмердүүлүгү жогору баага татыктуу” — деп билдирди.
Жыйынтыгында Рысбек Жумашов университет жетекчилигине тыгыз кызматташууга болгон ачыктыгы үчүн ыраазычылык билдирип, жарык көргөн журналдын жаңы санын белек катары тапшырды.
Департамент коммуникации и медиа
Возможно, это изображение шахматы, Овальный кабинет и текст
Возможно, это изображение один или несколько человек и текст
Возможно, это изображение текст