Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин STEM колдонмо кесиптер колледжинде экономикалык укуктук сабактар бирикмеси тарабынан “Кесипке бет алуу: студенттин ийгилиги ата-эненин колдоосунда” аттуу ачык диалог жогорку деңгээлде уюштурулду.
Иш-чарага жүздөн ашуун ата-эне катышып, студенттердин келечеги боюнча маанилүү маселелер талкууланды.
Диалогду ЭУС бирикмесинин башчысы Г.К. Калыбекова алып барды.
Колледждин директору, техника илимдеринин кандидаты З.Б.Зулпуев өз сөзүндө студенттерди мыкты адис катары тарбиялоодо билим берүү мекемеси менен ата-энелердин тыгыз кызматташуусу өзгөчө мааниге ээ экенин баса белгиледи.
Директордун окуу иштери боюнча орун басары, т.и.к., доцент Г.Т.Темиралиева студенттердин билим деңгээли, жетишкендиктери тууралуу кеңири маалымат берип, ата-энелерди балдарынын окуусуна жана жүрүм-турумуна туруктуу көңүл бурууга чакырды.
Ал эми тарбия иштери боюнча директордун орун басары С.Б.Маманов студенттик тарбия маселелерине токтолду.
Жолугушуу ачык форматта өтүп, ата-энелер өз ой-пикирлерин, сунуштарын билдирип, өз ара активдүү талкуу жүргүзүштү.
Иш-чаранын соңунда окууда жана коомдук иштерде өзгөчөлөнгөн студенттердин ата-энелерине “Ыраазычылык каттар” тапшырылып, алардын колдоосу жогору бааланды.
Бул сыяктуу жолугушуулар студент–ата-эне–окуу жай үчилтигинин байланышын бекемдеп, сапаттуу билим берүү багытында маанилүү кадам болуп саналат.
Коммуникация жана медиа департаменти




