Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети – бүтүрүүчүлөр үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат

Өзгөн районунда КӨЭАУнун өкүлдөрү мектеп бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуп, кесипке багыт берүү иш-чарасын өткөрүштү.
Иш-чарага Мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор, ф.и.к., доцент Сыргак Сарыков жетекчилик кылып, окуучуларга келечектеги кесип тандоодо пайдалуу кеңештерин берди.
Жолугушуунун жүрүшүндө КӨЭАУнун билим берүү мүмкүнчүлүктөрү, адистиктер, окуу шарттары тууралуу кеңири маалымат берилди.
Ошондой эле бүтүрүүчүлөр өздөрүн кызыктырган суроолоруна так жана толук жооп ала алышты.
Максатыбыз — жаштарга туура багыт көрсөтүп, сапаттуу билим алууга шыктандыруу.
Коммуникация жана медиа департаменти
Возможно, это изображение отдел новостей и текст
Возможно, это изображение один или несколько человек и люди учатся
Возможно, это изображение текст