2026-жылдын 10–12-сентябрь күндөрү Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы «Кызыл гвоздика» ден соолукту чыңдоо борборунда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин демилгеси менен билим берүү жана илим кызматкерлеринин арасында алгачкы ирет спартакиада өткөрүлдү.
Спорттук иш-чарага Кыргызстандын жогорку, атайын орто, орто кесиптик жана кесиптик билим берүү уюмдарында эмгектенген кызматкерлер катышып, спорттун 5 түрү боюнча күч сынашты.
Аталган спартакиадада Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин кызматкерлери Ош мамлекеттик университетинин өкүлдөрү менен биргеликте Ош облусунун курама командасынын курамында катышып, спорттун волейбол түрү боюнча 1-орунду, кичи футбол боюнча 3-орунду камсыздашты.
Спорттук иш-чаранын жеңүүчүлөрүн КӨЭАУнун ректору, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Алтынбек Зулпукаров жана бириккен кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Шералы Эгембердиев Окумуштуулар кеңешинде жалпы жамааттын алдында куттуктап, сыйлыктарды тапшырды.
Белгилей кетсек, спорттук иш-чара Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети тарабынан каржыланды.
КӨЭАУнун намысын волейбол боюнча төмөнкү кызматкерлер коргоду:
Абдурахмонов Хусниддин Нажмиддинович – Гуманитардык-педагогикалык факультетинин окутуучусу;
Таштанбек уулу Байыш – Гуманитардык-педагогикалык факультетинин окутуучусу.
Кичи футбол боюнча:
Камалов Ильяз Канатбекович – Гуманитардык-педагогикалык факультетинин окутуучусу;
Игамбердиев Дониёр Махамаджанович – STEM кесиптер колледжинин окуучусу;
Кадырбек уулу Манас – Гуманитардык-педагогикалык факультетинин окутуучусу;
Садыкжан уулу Шахзатбек – Гуманитардык-педагогикалык факультетинин окутуучусу
Коммуникация жана медиа бөлүмү




