Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде бош кызмат орундарына адистерди тандоо боюнча конкурстун экинчи этабы өткөрүлдү.
Иш-чарага университеттин окуу иштери боюнча проректору, философия илимдеринин доктору, профессор Аида Балтабаева баштаган тиешелүү адистер катышты.
Конкурстун жүрүшүндө талапкерлер менен маектешүү өткөрүлүп, алардын кесиптик билими, иш тажрыйбасы, квалификациясы, жоопкерчилиги жана кызмат ордуна коюлган талаптарга ылайык келүүсү бааланды.
Жыйынтыгында талапкерлердин тапшырган документтери жана маектешүү учурунда көрсөткөн даярдыгы эске алынып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.
КӨЭАУ — жаңы идеяларга, демилгеге жана кесипкөйлүккө таянган күчтүү кадрларды тандайт.
Коммуникация жана медиа бөлүмү




