Билим майрамы белгиленди

Бүгүн, 1-сентябрь күнү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде билим майрамы белгиленди. Майрамдык иш чарага арналган салтанат университеттин биринчи жана экинчи окуу имараттарынын алдында уюштурулду.
Билим майрамына КӨЭАУнун ректорунун милдетин аткаруучу, ф-м.и.к., доцент Алтынбек Зулпукаров, педагогика илимдеринин кандидаты, профессор Топчубай Исаков, эл аралык байланыштар, инновация жана инвестиция боюнча проректор, филос.и.д., профессор Аида Балтабаева, илимий иштер боюнча проректор, т.и.д., профессор Медербек Исманов, мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор, ф.и.к., доцент Сыргак Сарыков баштаган ректораттын өкүлдөрү, декан, директорлор, бириккен кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Шералы Эгембердиев катышып жалпы жамаатты, студенттерди куттуктап, жаңы окуу жылы жакшылыктардын жылы болсун деген каалоо, тилектерин билдиришти.
Иш чара окуу жайдын маданий-эстетикалык борбору тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.
и ещё 8
Все реакции:

Гулзат Омурбекова, Сыдыкбек Апиш Уулу и ещё 45