“Жабыла көтөргөн жүк жеңил болот”

Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков университеттин окуу имараттарын кыдырып, түзөмдөр менен жакындан таанышып чыкты.
Кыдыруу учурунда ректор, алдыдагы аткарыла турган иштери, материалдык-техникалык базаны чыңдоо, кошумча инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу боюнча ойлорун ортого салып, жабыла көтөргөн жүк жеңил болорун айтып, жалпы жамаатты биримдикте, биргеликте иш алып барууга үндөдү.