Жатаканадагы студенттерге майрамдык иш чара уюштурулду

17-ноябрь-Студенттердин эл аралык майрамына карата “Достук” чыгармачыл жаштар борбору жатаканада жашаган студенттер үчүн “Эң бай студентмин” аттуу концерттик программа тартуулашты.
Майрамдык иш чарага КӨЭАУнун ректору, профессор Мамасыдыков Абдилбает Асанович, бириккен профсоюз уюмунун төрагасы Эгембердиев Шералы Манапович, мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Сарыков Сыргак Токтосунович жана жатакананын комендатты катышып, өздөрүнүн жаштыгы, студент кездеги кызыктуу күндөрү тууралуу айтып, жалындап турган күлгүн курагыңарды маңыздуу өткөргүлө деген тилектерин билдиришти.
Кечеде “Достук” чыгармачыл жаштар борборунун таланттары жатаканада жашаган студенттердин жашоосун, турмуштук көйгөйлөрүн, сүйүүсүн, окуудагы кыйынчылыктарын көркөм окуу, тамашоу менен чагылдырып беришти.