Кесиптик колледжде кабыл алуу аземи өттү

17-ноябрь студенттердин Эл аралык күнүнө карата КӨЭАУнун кесиптик колледжинде биринчи курстарды студенттердин катарына кабыл алуу аземи болуп өттү.
Аземде колледждин таланттуу студенттери чоң программадагы концерт тартуулашты.
Биринчи курстун студенттерине окуу жайдын ректору, профессор Мамасыдыков Абдилбает Асанович, бириккен профсоюз уюмунун төрагасы Эгембердиев Шералы Манапович, кесиптик колледждин директору Абдуллаева Чолпон Хабибуллаевна куттуктоо айтышып, студенттерге ак жол каалашты.
Иш чаранын жүрүшүндө окуудагы жетишкендиктери, маданий-массалык, спорттук иш чараларда активдүү жүргөн студенттерге колледждин Ардак грамоталары тапшырылды.