“Жергиликтүү өнүгүү” долбоорунун ишкердүүлүктү өнүктүрүү программасынын 5 күндүк бекер окутуу семинары башталды.

Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде “Жергиликтүү өнүгүү” долбоорунун ишкердүүлүктү өнүктүрүү программасынын 5 күндүк бекер окутуу семинары башталды. Окутуу 13-марттан 18-мартка чейин болот.
Окутуунун 6-күнү (18-март) бизнес идеялардын сынагы уюштурулуп, комиссия тобу тарабынан эң мыкты деп табылган 2 бизнес идеяларга долбоор тарабынан $2,000 доллар суммасында колдоо көрсөтүлөт.
Студенттерди ишкердүүлүктү өнүктүрүү программасына окутуу Американын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID), Кыргыз Республикасындагы Ага Хан Фонду жана Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети менен биргеликте ишке ашырылып жатат.